Үч компанияга айып пул салынып, Балыкчыдагы сапатсыз жолдор кайра жасалууда

Үч компанияга айып пул салынып, Балыкчыдагы сапатсыз жолдор кайра жасалууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан Балыкчы шаарындагы Кулакунов, Тоголок Молдо жана Абдрахманов көчөлөрүндөгү унаа жолдорун жана тратуарларды реконструкциялоо иштеринде ченемдик-техникалык документтердин жана долбоордук чечимдердин талаптарынын бузулушу аныкталды.

Билдирүүгө караганда, реконструкция иштеринде асфальт-бетон жабуусунун жука жана сапатсыз салынып жаткандыгы, суу өткөрүүчү курулмалардын оозу (оголовка), тротуарлар, коргоочу жана таяныч элементтерди орнотуу иштеринде кемчиликтер аныкталган. Ошондой эле айрым жерлерде суу агызуучу лотокторду орнотууда туташтыруучу бөлүктөрдүн сапатсыз аткарылганы белгиленди.

Мындан тышкары, айрым тилкелерде негизди тазалоо, битум эмульсиясы менен алдын ала иштетүү талаптары сакталбастан, асфальт-бетон аралашмасы төшөлгөн. Ал эми инженердик кудуктардын белгилери жол жабуусунун деңгээлине ылайык келбегени аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча “Чу Прокси”, “4 Энерджи” жана “Капитал Консалт” ЖЧКларына карата жалпы 105 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган кемчиликтерди белгиленген мөөнөттө подряддык уюмдардын өз каражаттарынын эсебинен жоюу талабы коюлду.

Учурда аныкталган кемчиликтер боюнча демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Коюлган талаптардын аткарылышы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан толук көзөмөлдө.

Мындан тышкары окуңуз

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media
Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат. Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

15-октябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин айрым аймактарда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта болот: Балтагулов - Юдахин - Алтымышев - Бакаев - Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн батыш тарабы. Маалыматка ылайык, диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Суу

Ишкер Media
Бишкектеги №91 мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктады

Бишкектеги №91 мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктады

Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталган Бишкек шаарынынясно Кара-Жыгач конушундагы №91 мектептин 750 орундуу жаңы корпусунун курулушуу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу КРнын Курулуш министрлигинен кабарлашты. Жалпы аянты 8 234 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имаратта окуу класстары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттер, медициналык кабинет, китепкана, ашкана,

Ишкер Media