Бишкекте мамлекеттик кызматтар боюнча мыйзам долбоорлору талкууланды

Бишкекте мамлекеттик кызматтар боюнча мыйзам долбоорлору талкууланды

28-сентябрда Бишкекте мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар чөйрөсүндөгү мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору боюнча тегерек стол өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, иш-чарага мамлекеттик органдардын, Бишкек мэриясынын, Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун жана эксперттердин өкүлдөрү катышты.

Жыйынды Экономика министрлиги жана Швейцария Өкмөтү каржылаган, ХЕЛЬВЕТАС уюштурган "Жергиликтүү деңгээлдеги кызматтарды жакшыртуу" долбоору уюштурду.

Экономика министрлигинин бөлүм башчысы Николай Новицкий ченемдик чечимдерди жергиликтүү бийлик жана эксперттер менен талкуулоо маанилүү экенин белгиледи.

Талкууланган 3 багыт:

• Кызматтар үчүн акы төлөө - төлөм өлчөмүн аныктоо тартиби.

• Аутсорсинг - кызмат көрсөтүү процесстерин аутсорсингге берүү тартиби.

• Проактивдүү кызмат - жаран кайрылбастан кызмат көрсөтүү тартиби.

Жыйынтыгында катышуучулар долбоорлорду өркүндөтүү боюнча сунуштарын беришти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды