Эттин баасы: жайыттагы малдын эти бордоп семиртилгенден канчалык айырмаланат

Эттин баасы: жайыттагы малдын эти бордоп семиртилгенден канчалык айырмаланат

Бордоп семиртилген малдын этинин өздүк наркы жайыттагы малга караганда дээрлик 3 эсеге жогору. Кыргызстанда эттин чекене баасына малды багуу технологиясы, тоюттун наркы, салмак кошуу көрсөткүчү, ветеринардык тейлөө, транспорт жана башка чыгымдар түздөн-түз таасир этет.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин эсептөөлөрүнө ылайык, бордоп семиртүү шартында багылган бодо малдын этинин 1 килограммынын өздүк наркы - 655,67 сомду түзөт. Ал эми жайытта багылган малдын этинин өздүк наркы - 230,82 сом деп эсептелген. Башкача айтканда, бул эки ыкманын ортосундагы айырма 424,85 сомду түзөт.

Билдирүүгө караганда, жайытта мал багууда сатып алынуучу тоютка кеткен чыгым салыштырмалуу аз болот. Бирок мындай шартта малдын суткалык салмак кошуусу жайыраак жүрөт.

Ал эми бордоп семиртүүдө тоютка чыгым көбүрөөк кеткени менен, туура рацион жана багуу шарттары камсыздалганда малдын суткалык салмак кошуусу 0,8–1,0 килограммга жана андан жогору жетиши мүмкүн.

Учурда республика боюнча малды бордоп семиртүү менен алектенген ишкерлер тарабынан 27 595 баш мал бордолууда.

Кыргызстандагы эттин баасы

2026-жылдын сентябрь айына карата Кыргызстанда уй этинин орточо чекене баасы 774,4 сом/кг, кой эти 810,6 сом/кг болгон.

Салыштыруу үчүн, министрлик кошуна мамлекеттердеги эттин баасын кароого сунуштайт. Ага ылайык, Өзбекстанда уй этинин баасы болжол менен 934 сом/кг, кой эти 1 007 сом/кг деңгээлинде. Тажикстанда бул көрсөткүчтөр тиешелүүлүгүнө жараша 928 жана 1 010 сом, ал эми Казакстанда уй эти 810 сом, кой эти 892 сом болгон.

Ушундан улам, Кыргызстандагы эттин чекене баасы бир катар коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөндүгүн аталган министрликтен билдиришүүдө.

Маалыматка ылайык, учурда ички рыноктогу баанын туруктуулугу өндүрүш көлөмүнө гана эмес, тоюттун баасына, логистикалык чыгымдарга, сезондук факторлорго жана тышкы суроо-талапка да байланыштуу болуп турат.

Мындан тышкары окуңуз

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

2026-жылдын 9 айында Бишкекте 8 427 мыйзамсыз объект демонтаждалып, 267 054 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, анын ичинде 4 062 жеңил типтеги объект, 1 093 капиталдык курулуш жана тосмо, 3 272 жарнамалык конструкция алынган. Жол долбоорлорунун алкагында 842 объект,

Ишкер Media
Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө арналды кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммитине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жылда Кыргызстандын АӨИЧКке катышкан өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү

Ишкер Media
Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media