Мунай продуктуларын жеткирүүчүлөргө мамлекеттик субсидияларды берүү уланат

Мунай продуктуларын жеткирүүчүлөргө мамлекеттик субсидияларды берүү уланат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Анда күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы учурдагы абал, анын ичинде бензиндин коруктары, жеткирүү көлөмдөрү, баа саясаты жана ички рынокту туруктуу камсыздоо маселелери талкууланды.

Буга чейин белгиленгендей, мунай продуктуларын жеткирүүчү компанияларга мамлекеттик субсидияларды берүү боюнча иштер уланып жатканы маалымдалды.

Тактап айтканда, келишимдерге жараша бензинге субсидиянын өлчөмү АИ-92 үлгүсүндөгү литрине — 17,16 сомдон 30,88 сомго чейин, дизелдик отунга — 13,06 сомдон 42,27 сомго чейин, ал эми суюлтулган газга — 46 тыйындан 1,40 сомго чейинки сумманы түзөт.

Жыйындан соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга ички рынокту күйүүчү-майлоочу материалдар менен туруктуу камсыздоону уюштуруу, жеткирүү көлөмдөрүнө жана коруктарга көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле тартыштыктын алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды