Токмоктогу “АгромашХолдинг-ТехСервис” ишканасы колдоого алынат

Токмоктогу “АгромашХолдинг-ТехСервис” ишканасы колдоого алынат

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Анын жүрүшүндө стратегиялык инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы талкууланды

Кеңешменин катышуучулары Чүй облусунда биринчи индустриалдык паркты түзүү, ошондой эле ата мекендик машина куроо жана айыл чарба тармактарын мамлекеттик колдоо чаралары карап чыгышты.

Ага ылайык, Токмок шаарындагы LOVOL тракторлорун чогултуу иштерин жүргүзгөн “АгромашХолдинг-ТехСервис” ишканасын колдоо маселеси кароого алынды.

Билдирүүгө караганда, ата мекендик айыл чарба техникаларын сатып алууну стимулдаштыруу механизмдери, анын ичинде жеңилдетилген лизингди колдонуудагы программаларды өркүндөтүү аркылуу колдоо көрсөтүү зарылдыгы айтылды.

Мындан сырткары Чүй облусунун Ысык-Ата районунда өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга, жаңы ишканаларды жайгаштырууга жана жумуш орундарын түзүүгө багытталган индустриалдык парк түзүү, Талас облусунун аймагында мунай сактоочу жай куруу маселелери каралды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча жооптуу мамлекеттик органдарга тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу жана жогоруда аталган демилгелерди ишке ашыруу боюнча ишти улантуу тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө арналды кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммитине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жылда Кыргызстандын АӨИЧКке катышкан өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү

Ишкер Media
Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media