1-октябрда товарлардын калдыктарын системага киргизүү мөөнөтү аяктайт

1-октябрда товарлардын калдыктарын системага киргизүү мөөнөтү аяктайт

Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 1-октябрында товарлардын калдыктарын товарларга байкоо жүргүзүү системасына киргизүү мөөнөтү аяктай тургандыгын эскертти.  

Билдирүүгө караганда, белгиленген мөөнөткө чейин байкоо жүргүзүлүүчү товарларды саткан салык төлөөчүлөр системага товарлардын калдыктары тууралуу маалыматтарды киргизиши керек. Тактап айтканда, байкоо жүргүзүлүүчү товарларга төмөнкүлөр кирет:

-           тиричилик муздаткычтары жана тоңдургучтар;
-           кир жуугуч машиналар;
-           телевизорлор жана мониторлор (теле- жана видеоаппаратуралар). 

Мында калдыктарды киргизүү талабы сатууга арналбаган негизги каражаттарга жайылтылбайт.

Калдыктарды киргизүү салык төлөөчүнүн cabinet.salyk.kg сайтындагы жеке кабинетинде жайгашкан “ЭЭФ 2.0” модулу аркылуу жүргүзүлөт. Бул үчүн “Кириштөө” бөлүмүн тандап, кампадагы калдыктардын келип чыгуу булагын көрсөтүп, товар тууралуу керектүү маалыматтарды киргизүү зарыл.

Эске салсак, 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин аймагында ЕАЭБдин бажы аймагына киргизилген товарлардын айрым категорияларына байкоо жүргүзүү системасы өнөр жайлык пайдаланууга киргизилген.

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү товарларга байкоо жүргүзүү системасына киргизилүүчү товарлардын бар же жогун өз убагында текшерип, белгиленген мөөнөттө алардын калдыктары тууралуу маалыматтарды киргизүүгө чакырат.

Товарларга байкоо жүргүзүү системасына байланыштуу суроолор боюнча Салык кызматынын 0312 62-08-55 телефонуна кайрылуу сунушталат.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media