Бишкектин коомдук автобустары үчүн 25 млн сомго мотор майы сатып алынат

Бишкектин коомдук автобустары үчүн 25 млн сомго мотор майы сатып алынат

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы шаардык автобустар үчүн 50 миң литр мотор майын сатып алууга даярдыгын жарыялады. Сатып алуунун пландалган баасы 25 млн сомду түзөт. Сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, SAE 15W-40 мотор майы кысылган жаратылыш газы (CNG) менен жүргөн, газ кыймылдаткычтуу автобустар үчүн колдонулат.

Пландалган нарк боюнча бир литр майдын эсептик баасы 500 сомду түзөт. Бирок акыркы баа сынактын жыйынтыгына жараша аныкталат.

Талапка ылайык, жеткирүүчү майды келишим түзүлгөндөн кийин алты айдын ичинде Бишкекке буйрутма берүүчүнүн өтүнмөлөрүнүн негизинде жеткирип турууга тийиш. Ар бир өтүнмө алынгандан кийин товарды жеткирүүгө бир жумушчу күн берилет.

Тендерге катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 8-октябры саат 09:00гө чейин кабыл алынат. Сатып алуу чектелбеген конкурс ыкмасы менен өткөрүлөт. Алдын ала төлөм каралган эмес. Товар кабыл алынгандан кийин анын наркынын 100% төлөнөт.

Жеткирүү мөөнөтү кечиктирилген учурда келишимдин суммасынын ар бир күн үчүн 0,1% өлчөмүндө айып пул каралган. Анын жалпы көлөмү келишимдин суммасынын 5%ынан ашпоого тийиш.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media