“Кепилдик фонд” үч уюм менен кызматташуу боюнча документтерге кол койду

“Кепилдик фонд” үч уюм менен кызматташуу боюнча документтерге кол койду

“Кепилдик фонд” ААКсынын 10 жылдыгына арналган эл аралык конференциянын практикалык жыйынтыктарынын бири кызматташуу боюнча үч документке кол коюлушу болду.

  • Алардын бири Түрк инвестициялык фонду менен түзүлүп, Кыргызстанда инвестиция, каржылоо жана чакан жана орто ишкердикти колдоо багытындагы кызматташтыкты камтыйт. Тараптар кызматташуунун алкагында тажрыйба жана маалымат алмашып, потенциалдуу инвестициялык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрдү биргелешип иштеп чыгууну карашты.
  • Экинчи меморандум И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен түзүлдү. Документтин алкагында адистерди даярдоо, “Кредиттик-кепилдик схемалары” окуу дисциплинасын иштеп чыгып, окуу процессине киргизүү, практик адистерди билим берүү процессине тартуу, изилдөө жүргүзүү жана стажировкаларды уюштуруу каралган.
  • Ал эми үчүнчү документ “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКсы менен түзүлдү. Кызматташуу келишими каржылоо алган кардарлардын милдеттенмелери боюнча кепилдиктерди берүү шарттарын, тартибин жана механизмин, ошондой эле тараптардын өз ара аракеттенүүсүн аныктайт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Сейшель Аралдары жана Тоголез республикалары менен түзүлгөн эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча үч мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоого алышты. ЖКтин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Сейшель Аралдарынын ортосунда кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жоюу жөнүндө макулдашуу 2026-

Ишкер Media
Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media