Кыргызстан Алматы - Бишкек экономикалык коридорун өнүктүрүүнү сунуштады

Кыргызстан Алматы - Бишкек экономикалык коридорун өнүктүрүүнү сунуштады

Кыргызстан Борбордук Азия аймактык экономикалык кызматташтык (ЦАРЭС) программасынын алкагында экономикалык жана транспорттук коридорлорду активдүү өнүктүрүүнү, ошондой эле соода жол-жоболорун санариптик форматка өткөрүүнү сунуштады.

Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов 29-сентябрда Улан-Батордо өткөн ЦАРЭСтин 25-министрлик конференциясында билдирди.

Панелдик сессияда ал соода-экономикалык кызматташтыкты жана транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын артыкчылыктарын белгилеп, мисал катары Алматы–Бишкек экономикалык коридорун атады.

Анын айтымында, экономикалык коридорлор сооданы кеңейтүүгө жана туруктуу нарк жаратуу чынжырларын түзүүгө шарт түзөт. Бул үчүн соодадагы тоскоолдуктарды жоюп, жол-жоболорду санариптик форматка өткөрүү зарыл.

Конференцияда мындан кийинки кызматташтыктын негизги багыттары катары аймактык экономикалык интеграция, транспорттук-логистикалык байланыштарды күчөтүү, санариптик коридорлорду өнүктүрүү, жеке секторду, туризмди жана капитал рынокторун өнүктүрүү белгиленди.

Ошондой эле Кыргызстан Улуттук электрондук логистика системасын (NELS) түзүү боюнча жол картасын жана уюштуруу моделин даярдоого өтүп жатканы айтылды. Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен системага изилдөө жүргүзүлүп, кийинки этапта долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо пландалууда.

25-министрлик конференцияга Кыргызстандан Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов жана Монголиядагы Кыргызстандын элчиси Айбек Молдогазиев катышты.

Мындан тышкары окуңуз

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media
Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media
Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абад облусунун Багыш айыл аймагына караштуу Орто-Сай айылында көптөн күтүлгөн спорт зал ачылды. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Маалымдалгандай, спорт зал айыл тургундарынын демилгеси менен курула баштап, каражат жетишсиздигинен 10 жыл бою токтоп турган. Быйыл жергиликтүү бийликтин демилгеси менен президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Ишкер Media