Кыргызстан менен Казакстандын жогорку аудит органдары меморандумга кол коюшту

Кыргызстан менен Казакстандын жогорку аудит органдары меморандумга кол коюшту

Кыргызстандын Эсептөө палатасы менен Казакстандын Жогорку аудитордук палатасынын ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документке кол кою Астана шаарында Кыргызстандын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовдун иш сапарынын алкагында ишке ашырылган.

Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, меморандум эки өлкөнүн жогорку аудит органдарынын көп жылдык кызматташтыгын улантып, өз ара аракеттенүүнүн жаңы баскычын баштайт. Тараптар мындан ары эки тараптуу жана эл аралык бирикмелердин алкагында кызматташууну күчөтүүгө даяр экенин билдиришти.

Эске салсак, 2008-жылы Бишкекте Кыргызстандын Эсептөө палатасы менен Казакстандын республикалык бюджеттин аткарылышын контролдоо боюнча Эсеп комитетинин ортосунда кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Меморандум Казакстандын Жогорку аудитордук палатасынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Келечектин мамлекеттик аудити: инновациялар, санариптик трансформация жана туруктуу өнүктүрүү» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында түзүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте мугалимдердин квалификация программаларына талдоо жасалды

Бишкекте мугалимдердин квалификация программаларына талдоо жасалды

29-сентябрда Бишкекте Smart-Ed долбоорунун алкагында мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу программаларына жүргүзүлгөн функционалдык талдоонун жыйынтыктары сунушталды.Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, талдоо 4 багытты камтыды: география, кыргыз тили эне тили катары, кыргыз тили экинчи тили катары жана мектепке чейинки билим берүү. Анын максаты - учурдагы программалардын заманбап талаптарга шайкештигин

Ишкер Media
Манас шаарында аялдамаларга токтотулган унааларга рейд өттү

Манас шаарында аялдамаларга токтотулган унааларга рейд өттү

Манас шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, шаардык ЖККБ тарабынан уюштурулган иш-чарада өзгөчө коомдук транспорттун аялдамаларына жана билим берүү мекемелеринин айланасына мыйзамсыз токтотулган унаалар текшерилди. Рейд учурунда айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эреже бузгандарга карата тиешелүү чаралар көрүлдү. ЖККБ айдоочуларды унааны

Ишкер Media
Азия оюндары: Мээрим Жуманазарова менен Асан Жанышов жарым финалга чыкты

Азия оюндары: Мээрим Жуманазарова менен Асан Жанышов жарым финалга чыкты

Бүгүн Азия оюндарында күрөш боюнча мелдештер уланууда. Кыргызстандын курамынан Мээрим Жуманазарова менен Асан Жанышов чейрек финалда атаандаштарын жеңип, жарым финалга жолдомо алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, кыз-келиндер күрөшүнүн 68 кг чейинки салмак категориясынын чейрек финалында Кыргызстандын өкүлү Мээрим Жуманазарова Өзбекстандын спортчусу Фируза

Ишкер Media
Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Минскке барат

Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Минскке барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Беларусь Республикасына жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, сапардын алкагында ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарына катышат. Отурумда соода-экономикалык кызматташуу маселелери талкууланат. Ошондой эле Касымалиев "Иннопром. Беларусь" өнөр жай көргөзмөсүнүн "Өндүрүштүк-технологиялык

Ишкер Media