Кыргызстанда 6 миңден ашуун жумушсуз жаран кесиптик окуудан өттү

Кыргызстанда 6 миңден ашуун жумушсуз жаран кесиптик окуудан өттү

Кыргызстанда сентябрь айына чейинки отчеттук мезгилде 6 миңден ашуун жумушсуз жаран эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге окутулуп, сертификаттарды алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Наргиза Туркебекова басма сөз жыйынында билдирди.

Адистин айтымында, окутуу республикалык бюджеттин жана донордук долбоорлордун алкагында жүргүзүлүүдө. Жарандар Агартуу министрлигине караштуу кесиптик лицейлерде жана талапка жооп берген жеке окуу жайларда окушат. Ал эми окуу жайлар менен бир жылдык мөөнөткө келишим түзүлөт.

Окуу курстары кесипке жараша 1 айдан 3 айга чейин созулат. Учурда эмгек рыногунда жумушчу кесиптерге суроо-талап жогору.

“Окутуу курстары кесиптин өзгөчөлүгүнө жараша 1 айдан 3 айга чейинки мөөнөттө өткөрүлөт. Мисалы, курулуш тармагында ширетүүчү кесибине суроо-талап жогору болгондуктан, бул багытта адистер 3 айлык окуу курстарында даярдалат. Калган кесиптер боюнча окутуунун мөөнөтү адистиктин өзгөчөлүгүнө жараша 1 же 2 айды түзөт”,- дейт Наргиза Туркебекова.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк исламдык каржылоодо “кемүүчү мушарака” механизмин кеңейтти

Улуттук банк исламдык каржылоодо “кемүүчү мушарака” механизмин кеңейтти

Улуттук банк Башкармасы “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомун кабыл алды. Анда ислам банк иши жана каржылоо принциптерине байланыштуу ченемдерге өзгөртүүлөр киргизилген. Аталган токтомдо “шарика/мушарака” жана “кемүүчү мушарака” келишимдеринин шарттары такталган. Өзгөртүүлөргө ылайык, “шарика/мушарака” келишими өнөктөштөр

Ишкер Media
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ганага расмий сапар менен барат

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ганага расмий сапар менен барат

30-сентябрдан 1-октябрга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Гананын Тышкы иштер министри Сэмюэл Окудзето Аблакванын чакыруусу менен Ганага расмий сапар жасайт. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, сапарда кыргыз-гана саясий консультациялары өтүп, эки тараптуу кызматташуу жана эл аралык маселелер талкууланат. Жыйынтыгында кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар

Ишкер Media
Кыргызстан Алматы - Бишкек экономикалык коридорун өнүктүрүүнү сунуштады

Кыргызстан Алматы - Бишкек экономикалык коридорун өнүктүрүүнү сунуштады

Кыргызстан Борбордук Азия аймактык экономикалык кызматташтык (ЦАРЭС) программасынын алкагында экономикалык жана транспорттук коридорлорду активдүү өнүктүрүүнү, ошондой эле соода жол-жоболорун санариптик форматка өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов 29-сентябрда Улан-Батордо өткөн ЦАРЭСтин 25-министрлик конференциясында билдирди. Панелдик сессияда ал соода-экономикалык кызматташтыкты

Ишкер Media
“Социалдык контракт” алган жарандардын кирешеси өскөнү менен жашоо минимумуна жете элек

“Социалдык контракт” алган жарандардын кирешеси өскөнү менен жашоо минимумуна жете элек

“Социалдык контракт” программасынын алкагында жардам алган жарандардын кирешеси өскөнү менен, алардын басымдуу бөлүгүнүн орточо кирешеси дагы деле жашоо минимумунун деңгээлине жеткен эмес. Бул тууралуу Эсептөө палатасы жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында айтылат. Программа - жарандардын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга, өз алдынча иш менен камсыз болууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө оң таасир берип жатканын

Ишкер Media