“Социалдык контракт” алган жарандардын кирешеси өскөнү менен жашоо минимумуна жете элек
“Социалдык контракт” программасынын алкагында жардам алган жарандардын кирешеси өскөнү менен, алардын басымдуу бөлүгүнүн орточо кирешеси дагы деле жашоо минимумунун деңгээлине жеткен эмес. Бул тууралуу Эсептөө палатасы жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында айтылат.
Программа - жарандардын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга, өз алдынча иш менен камсыз болууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө оң таасир берип жатканын аудиттин жыйынтыгы көрсөткөн. Билдирүүгө караганда, каражаттын көпчүлүк бөлүгү мал чарбачылыгы, тигүүчүлүк жана чакан ишкердикке багытталган.

Ошол эле учурда, программа катышуучулардын жакырчылыктан толук жана туруктуу чыгуусун азырынча камсыздай элек.
Эсептөө палатасы программанын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн мамлекеттик органдарга санариптештирүү процессин тездетүү, бизнес-пландаштыруу менен окутууну күчөтүү жана негизги көңүлдү каражат бөлүүгө гана бурбастан, ишкердиктин туруктуулугун камсыз кылууга сунуштады.