“Асман Эйрлайнс” авиабилеттердин баасы эмне үчүн кымбаттаганын түшүндүрдү
“Асман Эйрлайнс” ички каттамдардагы авиабилеттердин баасы кандайча түзүлөрүн түшүндүрдү. Компаниянын маалыматына караганда, 2026-жылдын башынан бери авиациялык күйүүчү майдын баасы КНСти эске алуу менен 95,7%га өскөн.
Ушундан улам күйүүчү майга кеткен чыгымдардын компаниянын операциялык чыгымдарындагы үлүшү 60%дан 73%га чейин көбөйгөн. Мындан тышкары, учактарды техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдар жана өлкөдөгү жалпы баалардын өсүшү да авиакомпаниянын чыгымдарына таасир эткен.
Учурда “Асман Эйрлайнс” каттам аткарган үч аэропорттун бардыгында авиаотундун баасы бирдей.
Билдирүүгө караганда, 2026-жылдын 1-августунан тартып авиабилеттердин тарифтери эки гана багытта — Бишкек–Ош жана Бишкек–Манас каттамдарында кайра каралган. Баалардын максималдуу өсүшү 1000 сомду түзгөн.
Анын негизинде Бишкек–Ош каттамынын тарифи 6500 сомго, Бишкек–Манас каттамы 5000 сомго чейин жеткен. Башка багыттарда авиабилеттердин баасы өзгөрүүсүз калган.
Социалдык каттамдар
Бишкек–Талас, Бишкек–Нарын сыяктуу айрым каттамдар социалдык жана субсидиялануучу багыттарга кирет. Компаниянын маалыматына ылайык, жүргүнчүлөр көп болгон учурда да бул каттамдар чыгымдуу болуп калышы мүмкүн.
Ошого карабастан, “Асман Эйрлайнс” мамлекеттик субсидиялоо программасынын негизинде бул каттамдарды аткарууну улантууда. Бул аймактардын үзгүлтүксүз аба байланышын жана калк үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү камсыздоого багытталган.
Билетти арзаныраак алуу мүмкүнчүлүгү
Бишкек–Ош жана Бишкек–Манас багыттарында үч деңгээлдүү тариф системасы иштейт. Билетти алдын ала брондогондо анын баасы 4100 сомдон башталат.
Компания ошондой эле орун үчүн кошумча төлөм талап кылуу же башка коррупциялык көрүнүштөргө туш болгон жүргүнчүлөрдү бул тууралуу билдирүүгө чакыруула. Бул үчүн +996 550 527 070 номерине кайрылып, окуя болгон күндү, каттамдын номерин жана жагдайдын чоо-жайын көрсөтүү керек.
Компания расмий кайрылуулардын ар бирин карап чыгарын билдирди.