Балык чарбалык көлмөлөрдүн учурдагы аянты такталууда
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин кызматкерлери тарабынан балык чарбалык маанидеги көлмөлөрдүн суу бетинин (акваториясынын) учурдагы аянтын тактоо боюнча иштер жүргүзүлдү.
Иш-чаранын алкагында адистер тарабынан жалпы 52 көлмөгө изилдөө жүргүзүлүп, инструменталдык өлчөөлөр кылынды. Анын ичинен 46 көлмө Чүй облусунда, 4 көлмө Ысык-Көл облусунда жана 2 көлмө Кочкор районунда жайгашкан.
Министрликтин маалыматына караганда, өлчөө иштери көлмөлөрдү пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөөдө колдонулуучу суу бетинин иш жүзүндөгү аянтын так аныктоо максатында жүргүзүлдү.
Иш-чара Балык өнөр жайы комплекси департаментинин, суу кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Агроөнөр жай комплекси ассоциациясынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле тиешелүү аймактардагы көлмөлөрдү пайдалануучулардын катышуусунда өткөрүлдү.