Экономика министрлигинин кызматкерлерине МинКабдын сыйлыктары берилди

Экономика министрлигинин кызматкерлерине МинКабдын сыйлыктары берилди

Эгемендүүлүк күнүнө карата жана кесиптик жетишкендиктери үчүн Экономика министрлигинин бир катар кызматкерлери Министрлер кабинетинин сыйлыктарына татыды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалымдалгандай, министр Бакыт Сыдыковго "Эмгек сиңирген экономист" ардак наамы ыйгарылды, персонал менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Мехрибон Хусаиновага "Мамлекеттик кызматка эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы берилди, стратегиялык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги Айсулу Аманова Министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды. Укуктук камсыздоо башкармалыгынын башкы адиси Айгерим Кубатбековага Министрлер кабинетинин төрагасынын атынан алкыш жарыяланды.

Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-сентябрындагы №620 тескемеси менен кабыл алынган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Жел-Арык битум сактоочу жайынын сыйымдуулугу 15 тоннага чейин кеңейтилет

Жел-Арык битум сактоочу жайынын сыйымдуулугу 15 тоннага чейин кеңейтилет

Транспорт жана коммуникация министрлиги Жел-Арык битум сактоочу жайын замандын талабына жараша жаңылайт. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, аталган жай акыркы 15 жыл ичинде жаңыртылган эмес. Анын сыйымдуулугу 4,5 миң тонна. Ар суткада анда 50-80 тонна битум жылытылып, таратылат. Эми анын сыйымдуулугун

Ишкер Media
Садыр Жапаров SpaceX компаниясынын өндүрүштүк комплексине барды

Садыр Жапаров SpaceX компаниясынын өндүрүштүк комплексине барды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 30-сентябрда АКШга болгон иш сапарынын алкагында Калифорния штатынын Хоторн шаарындагы SpaceX компаниясынын өндүрүштүк комплексине барды. Бул тууралуу президенттин адм инистрациясы билдирди. Маалымдалгандай, мамлекет башчысы космостук техника чогултулуучу өндүрүштүк бөлүмдөрдүн иши менен таанышты. Президентке даярдыктын ар кандай этаптарындагы ракета алып жүрүүчүлөрдүн баскычтары көрсөтүлүп, заманбап материалдар, инженердик

Ишкер Media
BAKAI коомдук транспортко төлөгөн жол киреге 20% кешбэк кайтарат

BAKAI коомдук транспортко төлөгөн жол киреге 20% кешбэк кайтарат

Эми октябрь айы ичи Бишкек шаарында пайда менен жол жүрөсүздөр! BAKAI коомдук транспортко жол кире төлөөдө чыныгы акча түрүндө 20% кешбэк кайтарган акциясын баштады. Бул эң жөнөкөй: BAKAI’дын Visa же Элкарт+ карталары менен «Тулпар» системасы аркылуу жол жүрүү акысын төлөп, сарпталган акчаңыздын бир бөлүгүн кайра картаңызга алыңыз. Канча үнөмдөөгө

Ишкер Media
Улуттук банктын өкүлдөрү Алматыдагы эл аралык форумга катышты

Улуттук банктын өкүлдөрү Алматыдагы эл аралык форумга катышты

21-сентябрда Улуттук банктын өкүлдөрү Алматы шаарында өткөн "Борбордук Азияда микрокаржылоо келечеги" форумуна катышты. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, форум "Казакстандын микрофинансылык уюмдар ассоциациясы" тарабынан уюштурулган. Иш-чаранын алкагында микрокаржылоо секторунун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо механизмдерин өркүндөтүү, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу, санарип

Ишкер Media