Кыргызстан Түркмөнстандагы TIF 2026 форумуна катышууда

Кыргызстан Түркмөнстандагы TIF 2026 форумуна катышууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Ашхабад шаарында өтүп жаткан Түркмөнстандын инвестициялык форумуна (TIF 2026) катышты. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.

Форум 1-2-октябрь күндөрү өтүүдө. Ачылышында Равшанбек Сабиров Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.

"Кыргызстан менен Түркмөнстанды боордоштук мамилелер, кылымдарды карыткан тарыхый байланыштар жана салт-санааларыбыздын окшоштугу бириктирип турат. Бүгүнкү күндө өлкөлөрүбүздүн алдында инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда", - деди ал.

Агенттик башчысы Кыргызстан инвестициялык мыйзамдарды жана инвесторлорду колдоо механизмдерин өркүндөтүүнү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнү жана долбоорлорду коштоонун санариптик инструменттерин киргизүүнү улантып жатканын белгиледи.

Перспективдүү багыттар катары жасалма интеллект, креативдүү индустриялар, кайра жаралуучу энергетика, ошондой эле инфраструктуралык жана транспорттук-логистикалык долбоорлор аталды.

Эки өлкөнүн кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарынын катарында энергетика, мунай-газ продукциясын жеткирүү, текстиль өнөр жайы, транспорт-логистика жана туризм чөйрөлөрүндөгү өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү белгиленди.Жыйынтыгында Равшанбек Сабиров форумдун катышуучуларына жемиштүү сүйлөшүүлөрдү, ишенимдүү өнөктөштөрдү жана конкреттүү практикалык натыйжаларды каалады.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media