Маркетплейстер аркылуу иштеген тигүү ишканалары жыл аягына чейин бирдиктүү салыктан бошотулушу мүмкүн

Маркетплейстер аркылуу иштеген тигүү ишканалары жыл аягына чейин бирдиктүү салыктан бошотулушу мүмкүн

Маркетплейстер аркылуу иштеген тигүү ишканаларынын жана селлерлердин 2026-жылдын 1-августунан тартып жылдын аягына чейин бирдиктүү салык ченемдери 0% пайызды түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу 30-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Ысабеков радиодо чыгып сүйлөгөндө билдирди.

Анын сөзүнө караганда, тигүү ишканалары 0, 25 %, ал эми цехтерге товар буйрутма кылган же башка жактан сатып алып маркетплейстерге саткан селлерлер 2% төлөшкөн.

"Дүйнөдөгү жана аймактардагы окуяларга байланыштуу, ошондой эле Кыргызстандык ишкерлердин товарлары күйүп кеткен Орусиядагы ири маркетплейстин кампасындагы өрттөн улам чоң чыгашалар болду. Ишкерлер өздөрүн салыктан бошотууну өтүнүштү, биз аларды колдодук"- деп түшүндүрдү Ысабеков.

Ошондой эле мыйзам долбоору ЖКдагы окууда, норма арткы дата менен, 1-августан тартып караларын, ноябрь-декабрда мониторинг жүргүзүлөрүн, керектелинсе бул норма узартыларын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте экспорттук көзөмөл боюнча семинар өтүүдө

Бишкекте экспорттук көзөмөл боюнча семинар өтүүдө

14–16-октябрда Бишкекте мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн экспорттук көзөмөл боюнча практикалык семинар өтүп жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты. Иш-чара Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Германиянын Экономика жана экспорттук көзөмөл боюнча федералдык ведомствосу (BAFA) тарабынан “ЕБ P2P” программасынын алкагында уюштурулган. Окутуунун негизги максаты - улуттук стратегиялык

Ишкер Media
Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

2026-жылдын 9 айында Бишкекте 8 427 мыйзамсыз объект демонтаждалып, 267 054 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, анын ичинде 4 062 жеңил типтеги объект, 1 093 капиталдык курулуш жана тосмо, 3 272 жарнамалык конструкция алынган. Жол долбоорлорунун алкагында 842 объект,

Ишкер Media
Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө арналды кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммитине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жылда Кыргызстандын АӨИЧКке катышкан өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү

Ишкер Media
Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media