Салык кызматынын пломбасын бузуп, эсепке алынбаган товарды ташуу фактысы аныкталды

Салык кызматынын пломбасын бузуп, эсепке алынбаган товарды ташуу фактысы аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош облусунун Кара-Суу районунда рейддик салыктык көзөмөл жүргүзүү учурунда Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды алып кирүүдө салык мыйзамдарынын талаптары бузулган фактыны аныкташты.

МСКнын маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, жүк ташуучу транспорт каражатын текшерүү учурунда буга чейин Салык кызматы тарабынан коюлган расмий пломбанын бузулуп, үзүлгөнү аныкталган.

Мындан тышкары, ташуучу эсепке алынбаган товарды жашырууга аракет кылган. Аныкталган эсепке алынбаган жүктүн жалпы наркы 304 миң 642 сомду түздү. Бул боюнча күнөөлүү адамдарга карата эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик чаралары көрүлөт.

Контролдук пломбаларды өз алдынча бузгандыгы же үзгөндүгү үчүн мыйзамдарда 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул түрүндө жоопкерчилик каралган.

Пломбанын үзүлүшү фактысы боюнча чогултулган материалдар учурда күнөөлүү адамдарды мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу маселесин чечүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө даярдалууда.

Мындан тышкары, эсепке алынбаган товарды жашыргандыгы үчүн мыйзамдарда тиешелүү жоопкерчилик, анын ичинде айып пул салуу жана эсепке алынбаган товарды конфискациялоо каралган.

Салык кызматы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өтүп жаткан транспорт каражаттары тиешелүү мамлекеттик органдардын көзөмөлүндө экенин эскертет. Мыйзамсыз аракеттер, анын ичинде атайын көзөмөл каражаттарын бузуу же үзүү, ошондой эле салык мыйзамдарын бузуунун башка түрлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте экспорттук көзөмөл боюнча семинар өтүүдө

Бишкекте экспорттук көзөмөл боюнча семинар өтүүдө

14–16-октябрда Бишкекте мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн экспорттук көзөмөл боюнча практикалык семинар өтүп жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты. Иш-чара Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Германиянын Экономика жана экспорттук көзөмөл боюнча федералдык ведомствосу (BAFA) тарабынан “ЕБ P2P” программасынын алкагында уюштурулган. Окутуунун негизги максаты - улуттук стратегиялык

Ишкер Media
Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

2026-жылдын 9 айында Бишкекте 8 427 мыйзамсыз объект демонтаждалып, 267 054 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, анын ичинде 4 062 жеңил типтеги объект, 1 093 капиталдык курулуш жана тосмо, 3 272 жарнамалык конструкция алынган. Жол долбоорлорунун алкагында 842 объект,

Ишкер Media
Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө арналды кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммитине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жылда Кыргызстандын АӨИЧКке катышкан өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү

Ишкер Media
Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media