Жел-Арык битум сактоочу жайынын сыйымдуулугу 15 тоннага чейин кеңейтилет
Транспорт жана коммуникация министрлиги Жел-Арык битум сактоочу жайын замандын талабына жараша жаңылайт. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган жай акыркы 15 жыл ичинде жаңыртылган эмес. Анын сыйымдуулугу 4,5 миң тонна. Ар суткада анда 50-80 тонна битум жылытылып, таратылат.
Эми анын сыйымдуулугун 12-15 миң тоннага чейин кеңейтүү пландалууда. Жаңылатуу максатында Кытайдан жабдуулар алынып келинген.
Битум сактоочу жайда сыйымдуулугу 4 тонналык казан орнотулган, бул суткасына 10 вагон битумду түшүрүүгө мүмкүндүк берет.
Министрлик вагондогу жүктөрдү түшүрүү үчүн сактоочу жайга чейин узундугу 130 метрлик темир жолун салууну да пландоодо.
Мындын тышкары жумушчулар үчүн жатакана, мончо, душ бөлмөлөрү, кампалар салынат.