Жылуулук насосуна 1 млн сомго чейин 6% насыя берилет

Жылуулук насосуна 1 млн сомго чейин 6% насыя берилет

Жылытуу мезгилинин алдында Бишкектеги Энесай-1 конушунун тургундарына жылуулук насосторун сатып алууга жана орнотууга берилүүчү мамлекеттик жеңилдетилген насыянын шарттары түшүндүрүлдү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, жолугушуу №21 мектепте өтүп, ага 73 адам катышкан. Анда Финансы министрлигине караштуу КЛББнын насыялоо боюнча консультанты Адилет Акматов Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары жылдык 6% менен беш жылга чейин 1 млн сомго чейинки насыя ала аларын билдирген.

Насыяны экологиялык жактан таза жылытуу системаларын сатып алууга, орнотууга жана аларга байланыштуу чыгымдарды жабууга жумшоого болот.

Жылуулук насостору боюнча адис Бахтияр Калимов жабдуунун электр энергиясын керектөөсү жана ай сайынкы чыгымдары тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, чыгым ар бир үй үчүн өзүнчө эсептелет. Буга үйдүн аянты, жылуулукту кармоо деңгээли, жабдуунун өзгөчөлүктөрү жана аба ырайы таасир этет.

Адис сунушталган эсептөөлөргө таянып, жылуулук насосу менен жылытууга кеткен чыгым көмүр менен жылытууга салыштырмалуу дээрлик төрт эсеге аз болушу мүмкүн экенин айтты.

Электр энергиясы үзгүлтүккө учураганда насос иштебей калат, бирок үй дароо муздап кетпейт. Жылуулуктун канча убакыт сакталышы үйдүн жылуулукту кармоо деңгээлине жана сырттагы температурага жараша болот.

Жолугушуунун жүрүшүндө жылуулук насостору орнотулган үйлөр тууралуу видеолор көрсөтүлүп, жабдууларды колдонуу тажрыйбасы менен тааныштырылды.

Иш-чара Финансы министрлиги Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын колдоосу менен ишке ашырып жаткан "Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу" долбоорунун алкагында өттү.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media