Дүйнөлүк соода уюмунун экспертинин кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча семинары болду

Дүйнөлүк соода уюмунун экспертинин кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча семинары болду

2026-жылдын 29-сентябрынан 1-октябрына чейин Экономика жана коммерция министрлигинде Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) эл аралык эксперти Руоси Чжандын катышуусунда кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча адистештирилген семинар болуп өттү.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, семинарга КРнын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү катышып, ДСУнун кызмат көрсөтүүлөр соодасы боюнча башкы макулдашуусунун алкагындагы негизги милдеттенмелерди калыптандыруу ыкмаларын үйрөнүштү. Ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн ар кандай ыкмалары боюнча милдеттенмелерди аткаруунун өзгөчөлүктөрүн карап чыгышты.
Семинардын жүрүшүндө “суроо-талап — сунуш” принцибине негизделген сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү стратегиясы тааныштырылды. Бул механизмдин алкагында өлкө ата мекендик кызмат көрсөтүүчүлөргө башка өлкөнүн рыногуна кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө суроо-талап даярдап, анын ордуна өзүнүн кызмат көрсөтүүлөр рыногун ачууну сунуштайт.

Катышуучулар мындай суроо-талаптарды жана сунуштарды даярдоо методологиясын үйрөнүп, алган билимдерин практикалык сабактарда бекемдешти.

Семинар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана чет өлкөлүк рынокторго кирүүнүн эл аралык эрежелери боюнча билимдерин тереңдетүүгө мүмкүндүк берди. Алынган билимдер жана компетенциялар кызмат көрсөтүүлөр соодасы жана инвестициялар жөнүндө макулдашууларды түзүү боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдө колдонулат. 

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media