Улуттук статистика комитетинде коррупцияга каршы стратегияны ишке ашыруу маселеси каралды

Улуттук статистика комитетинде коррупцияга каршы стратегияны ишке ашыруу маселеси каралды

Улуттук статистика комитетинде коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу маселелери талкууланды. Жыйын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары З. Жумалиевдин, Статистика, изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институтунун директорунун, ошондой эле статистиканын аймактык органдарынын жетекчилери жана кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Жыйында Кыргыз Республикасында 2025–2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын өз убагында жана сапаттуу аткаруу маселелери каралды.

Ошондой эле 2026–2027-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасын ишке ашырууга көңүл бурулду. Анын алкагында коомдо чынчылдыкты, ак ниеттүүлүктү жана коррупциялык көрүнүштөрдү четке кагуу маданиятын калыптандыруу максатында социалдык роликтерди, маалыматтык буклеттерди жана башка материалдарды даярдоо жана жайылтуу боюнча конкреттүү чараларды көрүү маселелери талкууланды.

Кеңешменин жүрүшүндө Башкы прокуратуранын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Иман Мавлянов планда каралган иш-чараларды натыйжалуу аткарууну камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары, Иман Мавлянов кеңешменин катышуучуларына, ошондой эле онлайн форматта катышкан статистиканын аймактык органдарынын кызматкерлерине Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы №537 токтому менен бекитилген коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү фактысы жөнүндө кабарлоо тартиби тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле аталган тартиптин негизги жоболору, коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү фактысы жөнүндө кабарлоонун механизмдери жана мындай фактылар тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өз убагында маалымдоонун маанилүүлүгү түшүндүрүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте экспорттук көзөмөл боюнча семинар өтүүдө

Бишкекте экспорттук көзөмөл боюнча семинар өтүүдө

14–16-октябрда Бишкекте мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн экспорттук көзөмөл боюнча практикалык семинар өтүп жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты. Иш-чара Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Германиянын Экономика жана экспорттук көзөмөл боюнча федералдык ведомствосу (BAFA) тарабынан “ЕБ P2P” программасынын алкагында уюштурулган. Окутуунун негизги максаты - улуттук стратегиялык

Ишкер Media
Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

2026-жылдын 9 айында Бишкекте 8 427 мыйзамсыз объект демонтаждалып, 267 054 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, анын ичинде 4 062 жеңил типтеги объект, 1 093 капиталдык курулуш жана тосмо, 3 272 жарнамалык конструкция алынган. Жол долбоорлорунун алкагында 842 объект,

Ишкер Media
Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө арналды кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммитине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жылда Кыргызстандын АӨИЧКке катышкан өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү

Ишкер Media
Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media