Лицензиясыз валюта алмаштырган 4 жаранга айып пул салынды
Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасын алмаштырган төрт жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка караганда, анын экөө Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Хун-Чи айылында, "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунда аныкталган. Калган эки жаранга Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү тарабынан чара көрүлгөн.
Мыйзам бузууга жол берген төрт жарандын ар бирине 17 миң 500 сомдон айып пул салынды. Жалпы айып пулдун суммасы 70 миң сомду түздү.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу