Жумгалдын Чаек айыл өкмөтүнө 6 атайын техника тапшырылды

Жумгалдын Чаек айыл өкмөтүнө 6 атайын техника тапшырылды

Бүгүн Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнө алты атайын техника берилди. Алар аймакты тазалоо, көрктөндүрүү жана коммуналдык иштерди жүргүзүү үчүн пайдаланылат. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, техникалар Турукташтыруу фондунун, "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун, райондук жана жергиликтүү өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен сатылып алынган.

Алардын катарында шыпырып-тазалоочу унаа, экскаватор, "Шумкар" үлгүсүндөгү таштанды ташуучу унаа, 15 жана 25 тонналык эки самосвал, ошондой эле каналдарды жууган атайын техника бар.

Жаңы техникалар айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдап, санитардык тазалыкты камсыз кылууга жана коммуналдык кызматтардын ишин ыкчам жүргүзүүгө шарт түзөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кара-Кече ЖЭБин өлкө өз күчү менен курмакчы

Кыргыз делегациясы КМШнын саламаттык сактоо боюнча жыйынына катышты

Кадамжайда окуучуларга финансылык сабаттуулук боюнча лекция өтүлдү

Ысык-Көлдөн 800 метрлик эски балык уулоочу торлор чыгарылды

Нарындын Эмгекчил айылында 150 орундуу мектеп курулууда