Кыргызстан менен ЕРӨБ суу чарба тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен ЕРӨБ суу чарба тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Бүгүн айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча жаңы аймактык директору Нодира Мансурова менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, жолугушууда банк колдогон долбоорлордун аткарылышы, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү боюнча жаңы демилгелер талкууланды. Ошондой эле 2027-жылга карата кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары каралды.

Эрлист Акунбеков суу чарба инфраструктурасын модернизациялоого кошкон салымы үчүн банкка ыраазычылык билдирди. Ал эми Нодира Мансурова ЕРӨБ Кыргызстандын экономикасынын башка тармактары менен да кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар суу чарба тармагындагы долбоорлорду улантуу, жаңы демилгелерди иштеп чыгуу жана өнөктөштүктү чыңдоо боюнча макулдашты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жумгалдын Чаек айыл өкмөтүнө 6 атайын техника тапшырылды

Кара-Кече ЖЭБин өлкө өз күчү менен курмакчы

Кыргыз делегациясы КМШнын саламаттык сактоо боюнча жыйынына катышты

Кадамжайда окуучуларга финансылык сабаттуулук боюнча лекция өтүлдү

Ысык-Көлдөн 800 метрлик эски балык уулоочу торлор чыгарылды