Өткөн жылы Ош облусунда жаңы көмөк чордондор ишке берилген

Өткөн жылы Ош облусунда жаңы көмөк чордондор ишке берилген

Былтыр Энергетика министрлигинин тапшырмасынын негизинде “КУЭТ” ААКтын филиалы – Ош электр тармактары тарабынан электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшүн эске алуу менен бир катар маанилүү иштер аткарылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Жүктөмү жогору аймактарда кубаттуулугу жетишсиз болгон трансформаторлор жогорку кубаттуулуктагы жаңы трансформаторлорго алмаштырылып, кошумча көмөк чордондор курулду.

Атап айтканда, Ош шаарында 110/10 кВ “Кең-Сай”, ал эми Ноокат районунда 35/10 кВ “Кулатов” көмөк чордондору курулуп, пайдаланууга берилди. “Кулатов” көмөк чордону 2-Элдик курултайда көтөрүлгөн маселенин негизинде ишке ашырылып, ага Абшыр–Кулатов 35 кВ аба чубалгысы тартылды.

Мындан тышкары Ош облусунда каскаддык ыкма менен бир катар көмөк чордондордо трансформаторлор алмаштырылып, алардын кубаттуулугу жогорулатылды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Спорттук гимнастика боюнча эл аралык мелдеште Сайкал Мамашарипова эки медаль жеңип алды

Беш өлкөнүн өкүлдөрү Кыргызстандын ири курулуш долбоорлору менен таанышты

Борбор калаада эки көчөдө жол куруу иштери аяктады

Бишкекте көмүрдүн баасы 7 миң сомдон башталат

Ошто 528 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады