Өткөн жылы Ысык-Көл облусунда 45,4 миң акылдуу эсептегич орнотулган

Өткөн жылы Ысык-Көл облусунда 45,4 миң акылдуу эсептегич орнотулган

Былтыркы жылы Ысык-Көл облусунда энергетика тармагын реформалоо жана санариптештирүү иштеринин алкагында 45 396 акылдуу эсептегич орнотулду. Бүгүнкү күндө облус боюнча 123 026 жеке кардардан 94 299у (75,8%) акылдуу эсептегичтер менен камсыз болгон. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен маалымдашты.

Ошондой эле 90 чакырым эски алюминий зымдары жаңы СИП зымдарына, 1 300 эскирген жыгач мамылар темир-бетон мамыларга алмаштырылып, 18 жаңы 10/0,4 кВ көмөк чордону орнотулду. Бул аймактын бир катар айыл-кыштактарын туруктуу электр менен камсыз кылды.

Облустун 23 күч трансформаторунда кубаттуулук жогорулатылып, 7 заманбап реклоузер орнотулду. Жыргалан өрөөнүндөгү 35/10 кВ "Үч чоку" жаңыкөмөк чордонунун курулушу аяктап, 12,8 чакырым жаңы кабелдик зым тартылды.

Жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордун жалпы кубаттуулугу 56,5 МВАга жогорулатылып, эски май өчүргүчтөр заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылды. Бул иштер элге жана ишканаларга туруктуу, коопсуз электр энергиясын жеткирүүгө шарт түздү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Спорттук гимнастика боюнча эл аралык мелдеште Сайкал Мамашарипова эки медаль жеңип алды

Беш өлкөнүн өкүлдөрү Кыргызстандын ири курулуш долбоорлору менен таанышты

Борбор калаада эки көчөдө жол куруу иштери аяктады

Бишкекте көмүрдүн баасы 7 миң сомдон башталат

Ошто 528 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады