Бишкекте күн батареясы жана энергия сактоо тутуму менен пилоттук долбоор ишке кирди

Бишкекте күн батареясы жана энергия сактоо тутуму менен пилоттук долбоор ишке кирди

Бишкек шаарында Энергетика министрлигинин колдоосу менен күн фотоэлектр станциясын энергия сактоо тутуму (BESS) менен айкалыштырган пилоттук долбоордун бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Долбоордо:

  • энергия сыйымдуулугу болжол менен 200 кВт·с болгон сактоо тутуму,
  • кубаттуулугу 50 кВт чамасындагы күн фотоэлектр станциясы,
  • энергия керектөөнү санариптик башкаруу тутуму (PMS/EMS) орнотулуп, ишке киргизилди.
Жаңы тутум on-grid режиминде жүктөм чокусун тегиздөөгө жана керектөөнү оптималдаштырууга, off-grid режиминде авариялык өчүрүүлөр учурунда объектти үзгүлтүксүз электр менен камсыздоого мүмкүндүк берет.

КР ЭКМ белгилегендей, мындай пилоттук долбоорлор жашыл экономиканы өнүктүрүүгө, заманбап энергетикалык чечимдерди киргизүүгө жана өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасынын туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды

Нарын шаарында президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" демилге жана долбоорлор сынагын тааныштыруу жыйыны өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Мамбетова, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эксперти Кадыр Кошалиев, район акимчиликтеринин, мэриянын, мекеме-уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Кыргызстан менен Габон тышкы иштер министрликтери ортосунда меморандумга кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Габондун Тышкы иштер министри Мари-Эдит Тассила-Е-Думбене менен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, саясий диалог, соода-экономикалык жана маданий байланыштарды кеңейтүү, эл аралык уюмдардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдары

Ишкер Media
Төрага Маматалиев Кара-Кулжада жол, мектеп жана сугат көйгөйлөрү менен таанышты

Төрага Маматалиев Кара-Кулжада жол, мектеп жана сугат көйгөйлөрү менен таанышты

26-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кара-Кулжа районуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, сапарга депутаттар Суйунбек Омурзаков, Гүлнара Баатырова, Гульнара Акимбаева жана Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев коштоп барды. Кызыл-Суудагы көпүрө – Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайку жолунун

Ишкер Media
Нарында ишкерлерге жеңилдетилген насыя алуу жолдору түшүндүрүлдү

Нарында ишкерлерге жеңилдетилген насыя алуу жолдору түшүндүрүлдү

Нарын облусунда ишкерлерди колдоо жана жеңилдетилген каржылоо боюнча жолугушуу өттү. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, жыйынга ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев, Финансы-кредиттик фондунун төрагасы Элдияр Доолбеков жана жергиликтүү ишкерлер катышты. Ишкерлерге мамлекеттик колдоо чаралары, жеңилдетилген насыялар, долбоорлорду каржылоо шарттары жана стартаптарга көрсөтүлүүчү көмөк

Ишкер Media