Энергетика министрлигине 145,8 млн сомдук атайын техника тапшырылды

Энергетика министрлигине 145,8 млн сомдук атайын техника тапшырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигине жаңы атайын автотранспорт каражаттарынын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын объекттерин куруу жана модернизациялоо алкагында 37 бирдик атайын техника сатылып алынды. Анын ичинде JAC–T8 үлгүсүндөгү 17 даана, JAC–N56 үлгүсүндөгү 10 даана бригадалык автоунаа, SHANMON–388H үлгүсүндөгү 8 даана экскаватор-жүктөгүч жана КАМАЗ–43118 базасындагы 45 метрлик 2 даана авто-көтөргүч бар.

Сатып алынган техникалардын жалпы суммасы 145,8 млн сомду түзөт.

Салтанаттуу иш-чарада Адылбек Касымалиев энергетика тармагын өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, акыркы жылдары тармактын техникалык базасы бекемделип жатканын айтты.

Кошумчалай кетсек, 2025-жылы энергетика жана көмүр тармагына 160тан ашуун атайын автотранспорт каражаттары сатылып алынган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ашууларда жолдор ачык, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз

Жогорку Кеңеште тамак-аш коопсуздугу боюнча комиссиянын жыйыны өттү

Бишкекте батир убада кылып 2,9 млн сом алган жетекчи кармалды

Борбор Азияга климаттык долбоорлор үчүн 200 млн евро бөлүнөт

Сентябрда Кыргызстанга 274,1 млн доллар акча которулган