"Электр станциялары" ААКы быйыл кандай иштерди аткарат?

"Электр станциялары" ААКы быйыл кандай иштерди аткарат?

Энергетика министрлиги өлкөдөгү гидроэлектростанциялардын натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган бир катар долбоорлорду ишке ашырып жатат.

Камбар-Ата ГЭС-2де экинчи гидроагрегатты эксплуатацияга берүү иши жазында башталары пландалып жатат. Ошондой эле жазында Үч-Коргон ГЭСинде эки гидроагрегатты реконструкциялоо иштери башталаары күтүлүүдө.

Планга ылайык, № 2 гидроагрегат боюнча иштер февраль айында, ал эми № 1 гидроагрегат боюнча иштер 1-марттан тарта башталат. Реконструкция иштери параллель жүргүзүлөт, бул станциядагы жабдууларды комплекстүү жаңылоону жана иштерди координациялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Аны менен катар Камбар-Ата ГЭС-1дин административдик-тиричилик комплексинде ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө. Курулуп жаткан жатаканада инженердик-коммуникациялык иштер, анын ичинде канализация жана суу түтүктөрүн тартуу, ошондой эле ички дубал тосмолорун монтаждоо иштери аткарылууда.

Мындан тышкары, Күрп-Сай ГЭСинин АБТ–220 кВ бөлүгүндө станциянын кубаттуулугун жогорулатуу максатында эки автотрансформаторду (АТ-1 жана АТ-2) алмаштыруу иштери башталды. Биринчи автотрансформаторду жеткирүү 2026-жылдын январь айына, ал эми экинчисин 2026-жылдын март айына пландалган. Монтаждоо иштери 2026-жылдын 1-апрелинен тартып башталып, күз айларына чейин аяктайт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Иран менен президенттердин макулдашууларын ишке ашырууну талкуулады

Кыргызстан Иран менен президенттердин макулдашууларын ишке ашырууну талкуулады

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, аймактык жана эл аралык күн тартиби талкууланды. Өзгөчө көңүл президент Садыр Жапаровдун Иран президенти Масуд Пезешкиан

Ишкер Media
SCAT Бишкектен Саньяга түз каттам ачат

SCAT Бишкектен Саньяга түз каттам ачат

Декабрдын башынан тартып SCAT авиакомпаниясы Бишкек - Санья - Бишкек багыты боюнча чартердик каттамдарды аткара баштайт. Бул тууралуу Кыргызстан аэропорттору АКК билдирди. Маалымдалгандай, түз аба каттам Кыргызстандыктарга Кытайдын эң популярдуу курортторунун бири - Хайнань аралындагы Санья шаарына которулмаларсыз жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жаңы чартер Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы туризмди өнүктүрүп, жүргүнчүлөр үчүн дагы бир

Ишкер Media
Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүздө прокуратура жетим балага жер тилкесин алып берди

Жети-Өгүз райондук прокуратурасы жетим баланын мүлктүк укугун калыбына келтирди. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда В.К. аттуу томолой жетим баланын турак-жайы жок экени жана мыйзамда каралган тартипте үй менен камсыздалбаганы аныкталган. Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин балага Богатыровка айылынан үй куруу үчүн 600 чарчы метр жер

Ишкер Media
Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Кулубаев Нью-Йоркто ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун 81-сессиясынын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, министр өз сөзүндө Кыргызстан ЭКУ алкагында соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык кызматташтыкка артыкчылык берерин белгилеп, Уюмдун аймактык кызматташтыктагы ролун күчөтүү зарылдыгын

Ишкер Media