Быйыл “Чакан ГЭС” ААКсы энергетикалык объектилерин модернизациялайт

Быйыл “Чакан ГЭС” ААКсы энергетикалык объектилерин модернизациялайт

"Чакан ГЭС" ААКсы 2026-жылга карата иш-планды даярдады. Анда гидроагрегаттарды учурдагы жана капиталдык оңдоо, эски станцияларды реконструкциялоо жана жаңы объектилерди ишке киргизүү каралган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Жыл ичинде компаниянын объектилеринде жабдууларды иштөөчү абалда сактоо, авариялардын алдын алуу жана гидроэлектростанциялардын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында 300 утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда.

Төрт гидроагрегатта капиталдык оңдоо жүргүзүлөт:

  • ГЭС-3түн №1 гидроагрегаты;
  • ГЭС-4түн №1 гидроагрегаты;
  • ГЭС-5тин №2 гидроагрегаты;
  • ГЭС-6нын №2 гидроагрегаты.

Капиталдык оңдоо иштерине агрегаттарды толук ажыратуу, негизги түйүндөрүн диагностикалоо, эскирген тетиктерди алмаштыруу, жабдууларды модернизациялоо жана кайра ишке киргизүү кирет. Бул чаралар өндүрүштүк кубаттуулуктарды жаңылоонун узак мөөнөттүү программасынын бир бөлүгү болуп саналат.

Мындан тышкары, ГЭС-1дин №1 гидроагрегатында жана Быстровка ГЭСинин №2 гидроагрегатында оңдоо иштери жүргүзүлөт. 2026-жылы Орто-Токой ГЭСин пайдаланууга берүү, Папан ГЭСинин курулушун улантуу жана Лебединов ГЭСин реконструкциялоо пландалууда. Ошондой эле 20 даана электромобилдер үчүн кубаттоочу станция орнотулат.

Пландалган иштер жабдуулардын кызмат мөөнөтүн узартууга жана 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде туруктуу иштешин камсыздоого багытталган. Жалпысынан, бул чаралар генерациялоочу кубаттуулуктардын ишенимдүүлүгүн арттырып, электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр менен камсыздоого шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары - "Улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы электр энерегиясын эсептөөчү приборлорду пландуу түрдө алмаштырып жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, эсептегичтерди алмаштыруу жана маалыматты жаңылоо учурунда айрым учурда көрсөткүчтөр менен эсептөөдө айырмачылыктар болушу мүмкүн. Эгер сиз эсептегичтин көрсөткүчү менен квитанциядагы эсептөө дал келбесе, тейлөө боюнча

Ишкер Media
Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алжирдин Мамлекеттик министри, ТИМ башчысы Ахмед Аттаф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, саясий диалогду тереңдетүү жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлык билдирилди. Ошондой эле БУУ жана башка

Ишкер Media
Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media