Бишкектин айрым жерлеринде 3 күнү бою газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күнү бою газ болбойт

“Бишкекгаз” газ кызматынын маалыматына ылайык, жер алдындагы орто басымдагы газ түтүктөрүн кайра туташтыруу иштерине байланыштуу 21-июлдан 24-июлга чейин төмөнкү аймактарда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

Чоң Чүй каналы, Фучик көчөсү, Дорожная көчөсү, Юбилейная көчөсү, Ала-Арча дарыясы, Пригородная көчөсү, Жаш Гвардия көчөсү, Саадаев көчөсү, Школьная көчөсү, Садовый көчөсү, Коллекторная көчөсү, Новая көчөсү, Кыргыз көчөсү жана Советский көчөсү менен чектеш аймактар.

“Бишкекгаз” жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, газ өчүрүлгөн мезгилде абоненттерди энергиянын башка булактарын колдонууга чакырат.

Бул иштер жаратылыш газын коопсуз жана үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кадамжай РЭТи күз-кыш мезгилине даярдык иштерин толук аткарды

Манас шаарында металл заводу ачылып, турак жай комплекси пайдаланууга берилди

Манас шаарында 500 орундуу мектеп ачылды

Кыргызстанда өнөр жайды өнүктүрүү маселелери талкууланды

Өлкөдө 1 жылда 304,9 миң жаран насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды