Нарын электр тармактар ишканасы күз-кыш мезгилине даярдыгын күчөттү

Нарын электр тармактар ишканасы күз-кыш мезгилине даярдыгын күчөттү

Нарын электр тармактар ишканасында 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык жана 2027-жылга карата бизнес-план талкууланган жыйын өттү. Жыйынга "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары, пландоо бөлүмүнүн жана бөлүштүрүү электр тармактары кызматынын жетекчилери катышты.

Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, жыйында электр тармактары менен энергетикалык жабдуулардын техникалык абалы, капиталдык жана учурдагы оңдоо иштеринин жүрүшү каралды. Ошондой эле авариялык кырдаалдарга ыкчам чара көрүү үчүн бригадалардын, атайын техниканын жана материалдык-техникалык каражаттардын даярдыгы текшерилди.

Жооптуу кызматкерлерге оңдоо жана техникалык тейлөө иштерин белгиленген мөөнөттө бүтүрүү, штаттан тышкаркы кырдаалдардын алдын алуу чараларын күчөтүү тапшырылды. Мындан тышкары техникалык жоготууларды жана негизсиз чыгымдарды азайтуу боюнча милдеттер коюлду.

Жыйындан кийин ишкананын кампаларындагы материалдык-техникалык каражаттар жана запастык бөлүктөр текшерилди. Узак убакыттан бери пайдаланылбай турган запастык бөлүктөрдүн абалы каралып, аларды мындан ары максаттуу пайдалануу боюнча тапшырмалар берилди.

Ошондой эле электр тармактарын өнүктүрүү, инфраструктураны жаңылоо жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү камсыз кылуу боюнча сунуштар талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында күз-кыш мезгилине даярдык иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо жана 2027-жылга карата бизнес-планды тактоо боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга келген туристтердин агымы 1,4 эсеге көбөйдү

Кыргызстанга келген туристтердин агымы 1,4 эсеге көбөйдү

2026-жылдын январь-июнунда 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эс алуучулардын саны дээрлик 1,4 эсеге көбөйүп, 1,9 млн адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашып, 2026-жылдын 1-июлуна карата КРда туризм чөйрөсүнө байланышкан экономикалык ишмердикти жүзөгө ашырган 158,2 миңге жакын чарба жүргүзүүчү субъект катталгандыгын билдирди.

Ишкер Media
Бишкек мэри мурдагы “Чатыр-Көл” кинотеатрынын курулушу менен таанышты

Бишкек мэри мурдагы “Чатыр-Көл” кинотеатрынын курулушу менен таанышты

27-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев мурдагы “Чатыр-Көл” кинотеатрынын ордуна курулуп жаткан жаңы маданий борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, ал жерде аянты 0,4 гектарды түзгөн жерде жалпы аянты 7 490 чарчы метр болгон үч кабаттуу имарат курулууда. Борбордо

Ишкер Media
Банктарга эскилиги жетпеген чет элдик валютаны сыртка чыгарууга уруксат 2027-жылга чейин узартылды

Банктарга эскилиги жетпеген чет элдик валютаны сыртка чыгарууга уруксат 2027-жылга чейин узартылды

Кыргызстандын коммерциялык банктарына эскилиги жетпеген нак чет өлкө валютасын өлкөдөн сыртка алып чыгууга берилген убактылуу уруксаттын мөөнөтү 2027-жылдын 1-апрелине чейин узартылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банктан маалымдашты. Маалыматка ылайык, мурдагы токтомдогу “2026-жылдын 1-октябрына” деген мөөнөт “2027-жылдын 1-апрелине” деп өзгөртүлдү. Өзгөртүү токтомдун 1- жана

Ишкер Media
Кыргызстан БУУда пандемияга даярдык боюнча демилгесин сунуштады

Кыргызстан БУУда пандемияга даярдык боюнча демилгесин сунуштады

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын пандемиялардын алдын алуу боюнча жогорку деңгээлдеги жыйынында чыгып сүйлөдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, ал биологиялык коркунучтарга каршы эл аралык кызматташтыкты күчөтүү жана глобалдык милдеттенмелерден практикалык чараларга өтүү зарылдыгын белгиледи. Министр Кыргызстан ДССУнун борбордук ролун колдой турганын,

Ишкер Media