ӨКФР Өзбекстандагы күн электр станциясынын иши менен таанышты
Өзбек*кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү өткөн жумада Кыргызстандагы “SOLAR NATURE” компаниясынын өнөктөшү болгон “V Energy” компаниясы менен кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында, Өзбекстандагы күн электр станциясынын иши менен жакындан таанышып келишти.
ӨКФРдин маалыматына ылайык, күн электр станциясын “SOLAR NATURE” компаниясы Өзбекстандын “Indorama Kokand Textile” ишканасына орноткон.
Иш сапардын жүрүшүндө ӨКФРдин өкүлдөрү өнөр жай объектинде күн панелдерин пайдалануунун өзгөчөлүктөрүн, алардын натыйжалуулугун жана ишкананын керектөөлөрүн камсыз кылууда кайра жаралуучу энергия булактарын колдонуу боюнча практикалык тажрыйбаны үйрөнүштү.
Өзгөчө көңүл энергия чыгымдарын азайтуу мүмкүнчүлүктөрүнө жана мындай чечимдерди өнөр жай объектилеринде колдонуу перспективаларына бурулду.
"Indorama Kokand Textile" ишканасында ишке ашырылган долбоор ӨКФР үчүн Кыргызстанда келечектеги долбоорлордо ушундай технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү жагынан практикалык кызыгууну жаратууда.