Жол кирени 20-22 сомго чейин көтөрүү элди тоноо – Тазабек Икрамов

Жол кирени 20-22 сомго чейин көтөрүү элди тоноо – Тазабек Икрамов

Жол кирени 20-22 сомго чейин көтөрүү элди тоноо болуп саналат. Бул тууралуу Facebook соцтармагында ЖКнын депутаты Тазабек Икрамов жазып чыкты.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардын коомдук транспортторунун жол кире акысын 20-22 сомго чейин көтөрүүнү сунуш кылды.

«Бул дагы элди тоноо болуп эсептелет. Айрым үй-бүлөлөрдө беш-алты окуучу, стунденттер бар. Алардын жол кирелери үй-бүлөлүк бюджетке оңбогондой залака келтирет. Өкмөттүн эки жоопту чиновниги элдин жашоо шартын жакшырткандын ордуна тескерисинче, карапайым калктын чөнтөгүнө кол салып жатышат. Элди мынчалык тоногудай А. Жапаров менен Э. Абдыкадыров Гандурастан келишти беле?», - деди эл өкүлү.

Ошондой эле Икрамов Бишкектин конуштарында Кара-Кеченин көмүрүн сатууга тыюу салынганына да каршы болуп чыкты. Бул демилегини ал элди тоноо жана жеке кызыкчылыктар болушу толук мүмкүн деген ойду жүгүрттү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек шаарынын мэри Фрунзе көчөсүндөгү курулуш маселеси боюнча тургундар менен жолугушту

Бишкек шаарынын мэри Фрунзе көчөсүндөгү курулуш маселеси боюнча тургундар менен жолугушту

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев бүгүн Фрунзе көчөсү, 282а дарегиндеги мурдагы №116 бала бакчанын ордунда көп функционалдуу комплекс куруу маселеси боюнча тургундар менен жолугушту. Анда тургундар курулуштун коопсуздугуна, курулуш нормаларынын сакталышына, ошондой эле ага чектеш аймактарды, жашыл зоналарды, турак үйлөрдү жана балдар аянтчасын сактап калууга байланыштуу маселелерди көтөрүштү. Тургундардын өтүнүчү

Ишкер Media
Кыргызстандын алгачкы спутниги октябрда космоско учурулат

Кыргызстандын алгачкы спутниги октябрда космоско учурулат

Бүгүн МинКаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков "Кыргыз Асман" ачык акционердик коомунда иштелип чыккан алгачкы кыргыз спутниги менен тааныштырды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Акунбековдун айтымында, спутникти иштеп чыгуу жана чогултуу иштери Кыргызстанда алгачкы жолу жүргүзүлүп, долбоорго 2,5 жылдай убакыт кеткен. Учурда "Кыргыз Асман"

Ишкер Media
Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болду

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болду

Бүгүн, Эсептөө палатасында Кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү. Иш-чара мамлекеттик кызматка жаңыдан кабыл алынган кызматкерлердин салтанаттуу ант берүү аземи менен башталды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. Маалыматка ылайык, отурумда өлкөнүн социалдык-экономикалык тармагын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маанилүү отчет каралды. Атап айтканда, 2023–2024-жылдар аралыгында социалдык контракттын негизинде көрсөтүлгөн

Ишкер Media
Социалдык контракт. Мамлекеттен 150 миң сомду кантип алса болот?

Социалдык контракт. Мамлекеттен 150 миң сомду кантип алса болот?

Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдан тартып, мамлекетибиздин артыкчылыктуу багыты болгон жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук абалдан чыгаруу үчүн турмуш-шартын жакшыртууга, ошондой эле алардын өз алдынча иш менен камсыз болушу үчүн шарттарды түзүү максатында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан "Социалдык контракт&

Ишкер Media