Үйдөн чыкпай жаңы паспорттун даяр болгондугун кантип билсе болот – нускама

Үйдөн чыкпай жаңы паспорттун даяр болгондугун кантип билсе болот – нускама

Паспорт алуу үчүн документ тапшырган жарандар электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу онлайн текшерип алганга мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу СӨМ билдирди.

Мекеме белгилегендей, ал үчүн жарандын жеке идентификациялык номерин терип, «Текшерүү» баскычын басуу керек. Ошондой эле, Порталда жарандын паспортунун аныктыгын текшерип алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ал үчүн жеке идентификациялык номерди, паспорттун номурун жана сериясын, фамилиясын, атын терип, «Текшерүү» баскычын басуу керек. Кызматтар ыкчам түрдө берилет жана авторлоштурулбаган жарандар үчүн да жеткиликтүү.

Мындан тышкары, паспорттун даяр болгондугун Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 119 номурундагы call-борборуна (чалуу акысыз) чалып, билип алса болот.

Белгилей кетсек, e-ID паспортту даярдоо мөөнөтү демейки тартипте 12 жумушчу күндү түзсө, жалпы жарандык паспорт демейки тартипте 18 жумушчу күндө даяр болот. Ал эми тез арада паспорт даярдоо мөөнөттөрү 8, 4, 2 жумушчу күндү же 3 сааты түзөт. Паспорт даяр болор замат, жаранга смс-билдирүү келет, эң маанилүүсү арызда туура байланыш номерин көрсөтүү зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ чет өлкөлүк жарандарга коомдук тартипти сактоо талаптарын түшүндүрдү

ИИМ чет өлкөлүк жарандарга коомдук тартипти сактоо талаптарын түшүндүрдү

Чет өлкөлүк жарандар арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чаранын негизги максаты — өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукту сактоо, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө жана чет өлкөлүктөр менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы мүмкүн болгон чыр-чатактардын алдын алуу. Жолугушуулар

Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу берилбейт

Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу берилбейт

10-июлда саат 09:00 чамасында ХБО суу топтомосунда электр тармагына байланыштуу өзгөчө кырдаал катталды. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы маалымдады. Кырдаалга байланыштуу борбор калаанын айрым райондорунда суу берүү убактылуу чектелди. Суу жок болгон аймактар төмөнкү көчөлөр менен чектелген: Чыгыш ЧЧК – Анкара көчөсү – Кыдыр-Аке көчөсү – Оберон көчөсү

Каракол – Эңилчек унаа жолунун курулуш сапаты текшерилди

Каракол – Эңилчек унаа жолунун курулуш сапаты текшерилди

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев жана Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Каракол – Эңилчек унаа жолунун курулуш иштеринин көзөмөлдөштү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыатына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө жол курулушунун сапаты, иштердин белгиленген тартипке ылайык аткарылышы, ошондой эле объектти курулуш материалдары жана атайын техника менен камсыздоо маселелери

Кадамжайда бирдиктүү кызмат көрсөтүү борбору курулууда

Кадамжайда бирдиктүү кызмат көрсөтүү борбору курулууда

Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылында бирдиктүү кызмат көрсөтүү борборунун курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Баткен олблусун 2021-2035 жылдарга өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылып жатат. Курулушка республикалык бюджеттен жыл сайын бөлүнүүчү 500 млн сомдун эсебинен 100 млн сом,