Б.Төрөбаев: Өлкөдө 668 социалдык объектте курулуш жана оңдоо иштери жүрүүдө

Б.Төрөбаев: Өлкөдө 668 социалдык объектте курулуш жана оңдоо иштери жүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кара-Суу районундагы Пахтачылык станциясынын имаратынын ачылышында өлкөнүн реалдуу секторундагы иштер боюнча маалымат берди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Министрдин айтымында, 2025-жылы өлкө боюнча 1 478 км жол курулуп жана капиталдык оңдолду, бул көрсөткүч мурдагы жылдарга салыштырмалуу эки эсе көп. Ошондой эле өлкөнүн аймагында 668 социалдык объектте иштер жүрүүдө: алардын 426сы жаңыдан курулуп, 211и капиталдык оңдоодон өттү, дагы 31 объекттин долбоордук-сметалык документтери даярдалууда.

Бакыт Төрөбаев мындан тышкары “Камбар-Ата ГЭС-1”, “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу жана ири тоннелдер сыяктуу улуттук масштабдагы долбоорлор активдүү стадияга өткөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул долбоорлор өлкөнүн энергетикалык жана транспорттук коопсуздугун чыңдоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен