Кыргызстан менен Япония прокуратуралары укуктук кызматташууну өнүктүрөт

Кыргызстан менен Япония прокуратуралары укуктук кызматташууну өнүктүрөт

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Н. Каимов Япониянын Юстиция министрлигине караштуу укуктук маселелер боюнча илимий-изилдөө институтунун профессору О. Даики мырза менен жолугушту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз–Япония ортосундагы укуктук чөйрөдөгү биргелешкен изилдөөнүн учурдагы этабын жана практикалык багыттарын талкуулашты. Кыргыз тарап япониялык өнөктөштөргө кылмыш сот адилеттигин санариптештирүү, активдерди кайтаруу жана коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын ишке ашырылышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Профессор О. Даики Япониянын Юстиция министрлигинин бир катар Азия мамлекеттери менен прокуратуралык кызматташуу тажрыйбасын бөлүшүп, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен мындан ары өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле япон делегациясы Башкы прокуратуранын Юридикалык академиясына барып, окуу процесси жана криминалистикалык лабораториялардын иши менен таанышты.

Жыйынтыгында тараптар кызматташууну сапаттуу жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экенин билдиришип, укуктук чөйрөдөгү биргелешкен изилдөөнүн кезектеги этабын жүргүзүү үчүн зарыл кадамдарды макулдашты.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен