Кыргызстанда туристтик жайгаштыруунун алгачкы эксперттери даярдалды

Кыргызстанда туристтик жайгаштыруунун алгачкы эксперттери даярдалды

Бишкекте туристтик тармак үчүн Жайгаштыруу каражаттарын классификациялоо мамлекеттик системасы (ЖКМС) боюнча алгачкы эксперттерди даярдоо программасы аяктады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Окутуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти жана Туризмди өнүктүрүү фонду тарабынан, Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен уюштурулду.

Программага тандалып алынган 17 катышуучу мейманканаларды, конок үйлөрдү жана боз үйлөрдү классификациялоонун принциптери менен таанышып, практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү. Акыркы этапта экзамен өтүп, ийгиликтүү чыккандар стажировкага жана сертификацияга жолдомо алышат.

Туризм департаментинин маалыматы боюнча ЖКМС рынокту башкарууга ыңгайлуу кылып, туристтерге кызмат сапаты тууралуу ишенимдүү маалымат берет. Система объекттерди стандарттарга ылайык баалап, тармактын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү 14,1 млрд долларды түздү

Жарандык абалдын актылары жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Чаткалда алтынды мыйзамсыз казууга байланыштуу төрт адам кармалды

Бишкекте дем алыш күндөрү милицияга 260тан ашуун жаран жеткирилди

"Ош-Тазалык" ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды