Райондордо ветеринардык биокаражаттар үчүн жаңы муздаткычтар орнотулду

Райондордо ветеринардык биокаражаттар үчүн жаңы муздаткычтар орнотулду

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган ветеринардык биокаражаттарды талаптагыдай шартта сактоо максатында бардык райондук жана шаардык башкармалыктар үчүн атайын муздаткыч жабдыктарын сатып алды.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, учурда жабдыктарды региондорго жеткирүү жана орнотуу иштери активдүү жүрүп жатат. Бул чара ветеринардык биокаражаттарды коопсуз, сапаттуу жана тиешелүү стандарттарга ылайык сактоого мүмкүнчүлүк түзүп, ветеринардык кызматтын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга чоң салым кошот.

Жаңы муздаткыч жабдыктарын пайдалануу менен мал ооруларынын алдын алуу, дары-дармек жана вакцина ресурстарынын сапатын сактоо боюнча иштер дагы натыйжалуу жүргүзүлөт. Натыйжада өлкөнүн мал чарбасын коргоого жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлөт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү 14,1 млрд долларды түздү

Жарандык абалдын актылары жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Чаткалда алтынды мыйзамсыз казууга байланыштуу төрт адам кармалды

Бишкекте дем алыш күндөрү милицияга 260тан ашуун жаран жеткирилди

"Ош-Тазалык" ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды