Чүйдө адам уурдоо фактысына шектелип 3 жаран кармалды

Чүйдө адам уурдоо фактысына шектелип 3 жаран кармалды

Чүй облусунда адам уурдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

13-февраль күнү 2006-жылы туулган Н.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда ошол эле күнү Т.Д. аттуу жаран бир нече таанышы менен келип, күч колдонуу менен аны үйүнөн чыгарып, Ак-Бешим айылына алып барып, уур-токмокко алышканын жазган.

Бул факт боюнча "Адам уурдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүлөрдү аныктап, кармашкан. Алар – 2007-жылы туулган М.Б., Т.Д. жана Ж.А. экени белгилүү болгон.

Мыйзамга ылайык, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөнүн жүрүшүндө алардын ортосунда карыз маселесинен улам келип чыккан келишпестиктер такталган.

Кылмыш иши боюнча керектүү экспертизалар дайындалып, кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо максатында тергөө аракеттери уланууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан экологиялык эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүдө

Бишкектеги өрт чыккан курулуш объектисине айып салынды

Тоң районунда туризмден түшкөн салык 18,1 млн сомду түздү

Ошто өрттөн үч өспүрүм каза болуп, үй ээси ооруканага жеткирилди

Баткенде 27 млн сомдук жаңы көпүрө ачылды