Токтогулда кекиликтерге мыйзамсыз аңчылык кылгандарга 48,5 миң сом айып салынды

Токтогулда кекиликтерге мыйзамсыз аңчылык кылгандарга 48,5 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан ыкчам иликтөөнүн негизинде мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен билдиришти.

Маалымат булактары аркылуу жарандардан түшкөн маалыматтын негизинде ошол эле күнү ыкчам иш-чара жүргүзүлүп, Токтогул РИИБине мыйзам бузуучуларды аныктоо боюнча кат жолдонгон.

Рейддин жыйынтыгында Токтогул районуна караштуу Кара-Жыгач айылынын тургундары тарабынан 9 даана кекилик ок атуучу куралсыз кармалып, пайдаланылганы аныкталган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 263-беренесине ылайык протокол түзүлүп, 12 500 сом айып салынды. Ошондой эле Өкмөттүн №224 токтомуна ылайык 9 даана кекилик үчүн 36 000 сом өлчөмүндө доо эсептелди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкектеги өрт чыккан курулуш объектисине айып салынды

Тоң районунда туризмден түшкөн салык 18,1 млн сомду түздү

Ошто өрттөн үч өспүрүм каза болуп, үй ээси ооруканага жеткирилди

Баткенде 27 млн сомдук жаңы көпүрө ачылды

Кыргызстан менен Азербайжан экология тармагында кызматташууну талкуулады