ИИМ министри коомдук жайда тамеки тартканы үчүн айып пул төлөдү

ИИМ министри коомдук жайда тамеки тартканы үчүн айып пул төлөдү

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук жайда тамеки тартканы үчүн айып пул төлөдү. Министрдин имараттын алдында тамеки тартып жаткан видеосу социалдык тармактарга тарагандан кийин бул факт коомчулуктун көңүлүн бурган.

КРнын Ички иштер министрлиги маалымдагандай, Ниязбековго карата административдик чара көрүлүп, 3000 сом өлчөмүндө айып пул салынган. Мекеме мыйзам бардык жарандар үчүн бирдей экенин баса белгиледи.

Кыргызстанда коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салган мыйзам күчүндө. Ага ылайык, мамлекеттик мекемелердин аймагында, билим берүү жана саламаттык сактоо жайларында, коомдук транспортто, ошондой эле башка эл көп чогулган жерлерде чылым чегүүгө болбойт. Мындай эрежелер жарандардын ден соолугун коргоо жана пассивдүү тамеки тартуунун зыянын азайтуу максатында киргизилген.

Административдик жоопкерчилик тууралуу мыйзамга ылайык, коомдук жайда тамеки тарткан жарандарга айып пул салынат. Айыптын көлөмү мыйзам бузуунун шарттарына жараша аныкталат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Аргентинанын айыл чарба тармагында кызматташуусу талкууланды

900 миң сом опузалоого шектелген УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Ала-Букада көмүрдүн килограммы 7 сомдон 9 сомго чейин сатылууда

Ысык-Көлдө пансионат курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Вайс-Ситиге жетүү үчүн 6,5 саат: Кыргызстанда GTA VI оюнун жүктөп алуу канча убакытты талап кылат?