Кыргызстан менен Япония эмгек миграциясын кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Япония эмгек миграциясын кеңейтүүнү талкуулашты

Японияга болгон жумушчу сапардын алкагында 14-апрелде Токио шаарында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Сагынбаев Япониянын саламаттык сактоо, эмгек жана жыргалчылык боюнча парламенттик вице-министри Масаюки Камия менен жолугушту.

Ведомстовнун маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар эмгек миграциясы жана иш менен камсыз кылуу багытындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Айрыкча "Токутэй гино" (Specified Skilled Worker) программасын ишке ашыруу жана Япониянын эмгек рыногунун талаптарына ылайык жаңы багыттарды өнүктүрүү маселелерине көңүл бурулду.

Тараптар Кыргызстандын жарандары үчүн Японияда ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү ниети тастыкталып, тиешелүү министрликтердин ортосунда меморандумга кол коюу маселесин иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Балыкчыда 2,2 млрд сомдук долбоорлор ишке ашууда

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар

Баткенде электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет