Ноокатта жаңы ГЭСтер, заводдор жана ондогон социалдык объектилер курулат

Ноокатта жаңы ГЭСтер, заводдор жана ондогон социалдык объектилер курулат

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокат районунун өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан маалымдашты.

Жолугушууда мамлекет башчысына райондун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берилди. Аким Данияр Шейшекановдун айтымында, өткөн жылы райондо 11 социалдык объект курулуп, 128,5 чакырым жол салынып жана оңдолгон. Мындан тышкары, 5 айыл жана 1 шаар таза ичүүчү суу менен камсыздалган.

2026-жылга карата дагы 19 социалдык объектти куруу пландалууда. Алардын катарына мектептер, бала бакчалар, спорт залдар жана фельдшердик-акушердик пункттар кирет.

Энергетика тармагында да ири долбоорлор ишке ашууда. Кубаттуулугу 600 кВт болгон “Курак-Тектир-2” чакан ГЭСи пайдаланууга берилсе, учурда ар бири 7,93 МВт кубаттуулуктагы “Ноокат-1” жана “Ноокат-2” гидроэлектр станцияларынын курулушу уланууда.

Мындан тышкары, райондо 12 ири ишкананы ачуу пландалууда. Алардын ичинде кирпич жана асфальт-бетон заводдору, тигүү цехи жана жашылча-жемиш сактоочу заманбап кампа бар.

Бул долбоорлор аймактын инфраструктурасын жакшыртып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу