Ош шаарында 1000 көчөт отургузулду
Ош шаарында миң көчөт отургузулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көчөт отургузуу иш-чарасы Курманжан датка көчөсүндө өтүп, ага мэр Жанарбек Акаев жана шаар тургундары катышты.
Анын алкагында липа жана четин (рябина) дарактары тигилди.
Бул иш-чара шаарды жашылдандыруу жана экологиялык абалды жакшыртуу максатында уюштурулду.