Айыл чарба маселелери боюнча жаңы call-борбор иштей баштады

Айыл чарба маселелери боюнча жаңы call-борбор иштей баштады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги фермерлер жана айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр үчүн адистештирилген байланыш борбору (call center) ишке киргизилгенин билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы сервис фермерлерге ыкчам маалымат берүү, практикалык жардам көрсөтүү жана министрлик менен түз байланыш түзүү максатында түзүлгөн. Байланыш борборунун ишке кириши аркылуу айыл чарба тармагында иш алып барган жарандар мамлекеттик программалар боюнча так маалымат алып, өздөрүн кызыктырган маселелер боюнча кеңеш ала алышат.

Байланыш борбору аркылуу төмөнкү негизги багыттар боюнча консультация берилет:
— мамлекеттик колдоо (жеңилдетилген насыялар, субсидиялар, лизинг);
— суу ресурстары жана ирригация маселелери;
— өсүмдүк өстүрүү, коргоо жана карантин;
— мал чарбасы, ветеринария жана асыл тукум иши;
— продукцияны кайра иштетүү, сактоо, сертификаттоо жана экспорт.

Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн 1210 кыска номери иштейт. Чалуулар өлкө аймагында бардык байланыш операторлорунан жеткиликтүү. Байланыш борбору иш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул демилге мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана агроөнөр жай комплексинде санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө багытталган иштердин бир бөлүгү болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу