Бишкек 2 миллион гүл менен кооздолот

Бишкек 2 миллион гүл менен кооздолот

"Бишкек жашыл курулуш" МИси гүл отургузуу иштерин баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Быйыл  2 000 000 бир жылдык гүлдөр отургузулат. Жашылдандыруу  үчүн ар түрдүү кооз гүлдөр колдонулат, алардын катарына тагетс, сальвия, агератум, катарантус, георгиндер, петуниялар жана колеустар кирет. Мындай кооздук жаз-жай мезгилинде кооз түстөргө бөлөп турат.

Гүл композициялары борбордук көчөлөрдү, парктарды, скверлерди жана шаардагы бардык гүлзарларды кооздоп, калаага көрктүү жана заманбап көрүнүш берет. Иштер шаардын төрт административдик районунда бир убакта башталып, адистер коомдук жайларды көрктөндүрүү иштерин активдүү жүргүзүп жатышат.

"Бишкек жашыл курулуш" МИси шаар тургундарын жана конокторун отургузулган гүлдөргө аяр мамиле кылууга, гүлзарларды тебелебөөгө, үзбөөгө жана Бишкекти көрктөндүрүү үчүн күн сайын эмгектенген адистердин эмгегин урматтоого чакырат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Балыкчыда 2,2 млрд сомдук долбоорлор ишке ашууда

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар

Баткенде электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет