Бишкекте 20-апрелде айрым аймактарда суу өчүрүлөт

Бишкекте 20-апрелде айрым аймактарда суу өчүрүлөт

20-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Суу турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык-тиричилик жана өнөр жай объекттерине берилбейт.

Өчүрүү "Тепличный" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында реконструкция иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

Суу өчүрүлө турган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Ш. Баатыр проспектиси, Хивинская көчөсү (Лермонтов көчөсүнөн Ч. Валиханов көчөсүнө чейин), Достоевский көчөсү.

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаар тургундарын жана мекемелерди алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырат.

Ошондой эле жарандар "Менин шаарым" тиркемесин жүктөп алып, пландалган жана авариялык суу өчүрүүлөр тууралуу өз убагында маалымат алып турууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Телефон тыңшоо мыйзамы парламентте биринчи окууда колдоо тапты

Телефон тыңшоо мыйзамы парламентте биринчи окууда колдоо тапты

УКМК өзгөчө кырдаал же аскердик абал учурунда мобилдик түзүлүштөрдү өчүрүү, уюлдук операторлордун маалымат базаларына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. УКМКныын орун басары Алишер Эрбаев бул мыйзам Санарип кодексинин кабыл алышына байланыштуу, бирдиктүү санарип терминологиясын жана укуктук шайкештикти камсыздоо максатында сунушталганын айтты. Ал буга чейин билдиргендей, эгер атайын кызматтар жарандардын телефонун тыңшай

Бишкек менен Татарстан шаар башкаруу боюнча өнөктөштүктү күчөтөт

Бишкек менен Татарстан шаар башкаруу боюнча өнөктөштүктү күчөтөт

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Татарстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту. Мэриянын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар муниципалдык кызматташтыкты өнүктүрүү, шаардык башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу, инфраструктураны жакшыртуу, коомдук транспорт жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Василь Шайхразиев Бишкекке буга чейин дагы бир нече жолу келгенин белгилеп,

Бишкекте электр чыгырыктарынын ылдамдыгын 15 км/саатка түшүрүү сунушталды

Бишкекте электр чыгырыктарынын ылдамдыгын 15 км/саатка түшүрүү сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда электросамокаттар жана башка жеке мобилдүүлүк каражаттары үчүн уруксат берилген эң жогорку ылдамдыкты саатына 25 чакырымдан 15 чакырымга чейин төмөндөтүү сунушталууда. Мэриянын маалыматына ылайык, бул демилге жөө жүргүнчүлөрдүн жана жеке мобилдүүлүк каражаттарын колдонгондордун коопсуздугун жогорулатууга багытталган. Белгиленгендей, акыркы

Кыргызстан климаттык туруктуулукту чыңдоого 27 млн доллар жумшайт

Кыргызстан климаттык туруктуулукту чыңдоого 27 млн доллар жумшайт

Бишкек шаарында жергиликтүү жамааттардын климаттык туруктуулугун бекемдөө маселелерине арналган Диалог уюштурулду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чара Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Коомчулуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун (КДУД) алкагында өттү. Жыйынга Кыргызстан менен катар Өзбекстан жана Тажикстандан өкүлдөр катышты. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков аймактарды