Бишкекте дизайн-кодго туура келбеген объекттер демонтаждалууда

Бишкекте дизайн-кодго туура келбеген объекттер демонтаждалууда

Бишкек шаарынын экинчи даражадагы көчөлөрүндө жайгаштыруу эрежелерине жооп бербеген жарнамалык конструкцияларды жана интернет чубалгыларын демонтаждоо иштери башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Бул иштер шаардагы дизайн-коддун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө. Анын негизинде Киев көчөсүндө Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектине чейинки тилкеде демонтаждоо иштери башталды.

Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери шаардык кызматтар менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бекитилген дизайн-кодго ылайык келбеген фасаддык конструкциялар боюнча эскертүүлөрдү беришүүдө.

Мындан тышкары, демонтаждоо иштери Киев көчөсүнөн тышкары Токтогул, Москва жана Бөкөнбаев көчөлөрүндө да жүргүзүлөт.

Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы ишкерлерди жана шаар тургундарын архитектуралык-техникалык корутунду алуу үчүн онлайн арыз берүүгө чакырат. Бул үчүн cabinet.bga.gov.kg порталы аркылуу жеке кабинет түзүү зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта болгон сел ички чарба жолдорду жууп кетти

Таласта болгон сел ички чарба жолдорду жууп кетти

18-июнда Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагындагы Кара-Ой айылында тоолорго жааган катуу жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 2 сарайдын короосун каптап, ички чарба жолдорун жууп кеткен. ӨКМДин маалыматына ылайык, 19-июнда жүргүзүлгөн тактоо иштеринде материалдык зыян жок экени аныкталып, селден жабыркаган жол тилкелери жана 300 метр ички арыктар атайын

“Менин шаарым” тиркемеси аркылуу унаа токтотуучу  жайлардын акысын төлөсө болот

“Менин шаарым” тиркемеси аркылуу унаа токтотуучу  жайлардын акысын төлөсө болот

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктар үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүү боюнча ишин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясынын “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасы “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы менен биргеликте “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси аркылуу муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын акысын төлөө мүмкүнчүлүгүн ишке ашырды.  Төлөм

Бишкектеги Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши ачылды

Бишкектеги Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши ачылды

Аалы Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши автоунаа кыймылы үчүн ачылды. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жол чийиндери аба ырайы жакшыргандан кийин түшүрүлөрүн эскертти. Учурда аталган кесилиште бардык жол белгилери орнотулган. Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын бардык катышуучуларын ылдамдыкты сактоого, убактылуу жол белгилеринин талаптарын так аткарууга чакырат. Кыргызстандын экономика,

Кыргызстан менен Германиянын ишкердик кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Кыргызстан менен Германиянын ишкердик кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Бавария жана Тюрингиядагы Ардактуу башкы консулу Райнхольд Крэммельди кабыл алды.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, тараптар эки өлкөнүн ортосунда экономика, инвестициялар жана бизнес-форумдарды өткөрүү сыяктуу багыттарда кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле МинКаб башчысы жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-герман ишкердик кеңешинин алкагындагы кызматташтык